Карру

Википедия дан

Карру (англисче Karroo, готтентотчо karusa – кургакчыл, күрсүз жер) – Түштүк Африкада Оранж дарыясынан түштүктү карай жаткан жарым чөлдүү платолор менен тоо аралык ойдуңдардын жалпы аталышы. Субтропиктик климаттык алкакта. Интрузия тектери жиреп чыккан кумдук жана сланец катмарларынан турат. Кап тоолорундагы узатасынан жаткан өрөөндөр Кичи Карру (бийиктиги 300–600 м), Чоң Урчук менен Кап тоолорунун аралыгындагы ойдуңдар Чоң Карру (450– 750 м), Чоң Урчук менен Оранж дарыясынын аралыгындагы платолор Жогорку Карру (1000–1500 м) деп аталат. Бадал жана дан өсүмдүктөрү басымдуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]