Карст таануу

Википедия дан

Карст таануу – карст кубулуштарын изилдөөчү илим; геология менен география илимдеринин өз алдынча тармагы. Байыркы жана азыркы кездеги карст кубулуштарынын пайда болушун, өсүп-өнүгүү себептерин, жер бетинде таралышын, эл чарбасына тийгизген залакасын, ага каршы күрөшүү иштерин окутуп үйрөтөт. Гидротехникалык курулуштарды, темир жана таш жолдорду курууда, сугат тармактарын жүргүзүүдө, жайыттарды туура пайдаланууда, айдоо аянттарын агротехникалык эрежеде иштетүүдө, токойлорду билгичтик менен өстүрүүдө илимий жактан туура көмөк берет. Өз ичинен жалпы, жергиликтүү, инженердик, эксперименттик, карст гидрологиясы, спелеология, карст гидрохимиясы, карст гидрологиясы деген илимий тармактардан турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]