Карт
Көрүнүш
Карт (англисче cart) – кузову, дифференциалы жана дөңгөлөктүн серпилгичтүү асмасы жок, чакан аянтчадагы (картингдеги) жарышка арналган чакан литраждуу автомобиль. Жумуш аткаруу көлөмү 250 смЗга чейинки 2 такттуу кыймылдаткычы бар. Эң жогорку ылдамдыгы 150 км/саат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9