Картографиялык проекциялар

Википедия дан

Картографиялык проекциялар – жер эллипсоидинин же жер шарынын бетин тегиздикке түшүрүүнүн математикалык ыкмалары. Картографиялык проекциялар жер эллипсоидинин бетиндеги жана тегиздиктеги чекиттердин координаталарынын өз ара көз карандылыгын аныктайт. Эллипсоиддин (же шардын) бетин тегиздикке бүктөлүүсүз же үзбөй жаюуга мүмкүн болбогондуктан, тегиздикке түшүрүлгөн жердин айрым геометриялык касиеттерин картада бурмалап көрсөтүүгө туура келет. Бурмалап көрсөтүүлөрдүн мүнөзүнө карай тең бурчтуу, тең чоңдуктагы, эркин жана тең аралыктагы параллелдердин, меридиандардын түшүрүлүшүнө карата цилиндрдик, конустук, азимуттук, жалган конустук (псевдоконустук), жалган цилиндрдик (псевдоцилиндрдик), шарттуу картографиялык проекцияларга бөлүнөт. Тигил же бул картографиялык проекцияларды колдонуу картанын эмнеге арналышына, картага түшүрүлгөн аймактын конфигурациясына жана абалына жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]