Каршылык мыйзамы (логика)

Википедия дан

Каршылык мыйзамы ― формалдуу логиканын негизги мыйзамдарынын бири. Ал боюнча бир эле мезгилде бири бирин тануучу (жокко чыгаруучу) эки ой-пикир тең чындык боло албайт. Каршылык мыйзамын биринчи Аристотель ачкан. Мыйзамды сүйлөм бир эле мезгилде чын жана калп боло албайт деп ырастоого болот. Ой жүгүртүүдө жана илимий теорияларда формалдуу карама-каршылыкты колдонуу зыяндуу. Каршылык мыйзамы объектинин сапатынын ойдо чагылышы болуп эсептелет. Анткени объект бир эле мезгилде бири бирин танган касиеттерге (мисалы, үй бир эле мезгилде бийик да, жапыз да боло албайт) ээ эмес.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]