Карыбаев, Аскер

Википедия дан

Карыбаев, Аскер - акын, котормочу. Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында 1941-жылы туулган. 1958-жылы Сары-Камыш орто мектебин бүтүрүп, эмгек жолун Каракол шаарындагы кирпич заводунда (1958–1961) жумушчулуктан баштаган. 1961–1966-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнөн окуган. 1966-жылы Кыргыз Телеграф агенттигинде диктор, 1967–1978-жж. Н.Г.Чернышевский атындагы (азыркы Улуттук) китепканасында редактор, маданий-агартуу иштери боюнча башкармалыгында инспектор, улук инспектор, маданий-агартуу иштери боюнча методикалык кабинетинде, Эл Чыгармачылык үйүндө директор, башкармалыктын начальнигинин орунбасары, 1978–1984-жж. Кыргыз Республикасынын элдик көзөмөлдөө комитетинин инспекторлук, Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинде инструктордук кызматтарында, 1984–1991-жж. Бүткүл союздук автордук укукту коргоо (ВААП) боюнча Кыргызстандагы бөлүмүнүн (КирВААП) начальниги, 1991–1996-жж. Бүткүл союздук китепкөйлөрдүн Кыргызстандагы коомунун төрагасынын биринчи орунбасары, 1996-жылы Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин искусство иштери боюнча башкармалыгынын начальнигинин орунбасары, 1997–1999-жж. «Кыргызстан» басмасында, 1999-жылдан мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунда редактор болуп иштеп келген.

Акындын эң алгачкы ыры «Эртеңки таң» деген ат менен 1957-ж. «Жаш Ленинчи» журналына басылып чыккан.

Дүйнөлүк белгилүү акындар Абайдын, Жаминин, Гетенин, Гейненин, А.Ахматованын, В.Высоцкийдин, А.Вознесенскийдин, Р.Рождественскийдин ырларын кыргызчалаган.

Акындын чыгармалары «Кыргыз поэзиясынын антологиясына» (II т.) киргизилген. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тоолордон ыр жаңырат. –Ф.: Кыргызстан, 1969. – 40 б.

Көл ыргактары. –Ф.: Кыргызстан, 1972. – 35 б.

Апамдын ак жоолугу: Ырлар. –Ф.: Кыргызстан, 1987. – 64 б.

Жаңырык: Ырлар. – Б.: Адабият, 1992. – 128 б.

Сезим кайрыктары. – Б.: Бийиктик, 2003. – 198 б.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Копыленко А. Бармактай баланын үйү. – Ф.: Мектеп, 1978. – 108 б.

Милчев И. Алыс калган бала чагым: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1982. – 104 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]