Карылык психоздор

Википедия дан

Карылык психоздор (сенилдик психоздор) - демейде 70 жаштан кийин пайда болуучу психикалык оорулар (карылыктан болуучу кем акылдык жана башка).

Карылык психоздор акылдан айныбаган, башкача айтканда функциялуу ооруларга кирет.

Азыркы илим Карылык психоздорду төмөнкүдөй ажыратат:

  • 1) инволюциялык көңүл чөгүү,
  • 2) инволюциялык алжытма психоздор,
  • 3) кататониялык (тырышма) жана көзүнө ар нерсе көрүнүүчү, кулагына ар кандай үн угулуучу психоздор.

Көбүнчө алжыма, жөөлүмө, тынчы жок, создуккан депрессия түрүндө учурайт, алардын көңүлү суз болуп, коркок келишет, дайыма кооптонуп, асан кайгы болушат, өзүн жектешет. Карылык психоздорго өзүнчө сүйлөй берүү мүнөздүү. Туугандарынан, коңшуларынан, кызматташтарынан, тааныштарынан шектенишет; аңдып жүрөт, өлтүргөнү жатат, кыянаттык кылат деп жөөлүп сүйлөшөт. Көзүнө көрүнүүчү же кулагына угулуучу психоздор сейрек кездешет, алардын мурдуна жаман жыт келип, кулагына каңырыш ар нерсе угулат. Кататониялык психоздордун кыймыл-аракети баш аламан болуп, денесин калтырак басат, уйкусу качат, түнкүсүн басып жүрүшөт, күндүз көбүнчө үргүлөп олтурушат, кишини тааныбайт, ичип-жегенин билбей калат, ичинин ооруганын айтып, тамак сиңбейт деп даттанат. Бул ооруга башка оору кошумча болгон учурда адам өлүмгө учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8