Карымшаков Абдыкасым

Википедия дан

Карымшаков Абдыкасым (10.05.1909, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, (азыркы Ысык-Көл облусу Түп району) Күрмөнтү кыштагы – 6. 8. 1997, ошол эле жер) – Даңк орденинин толук кавалери, учкуч-аткыч. 1941-жылдын сентябрынан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) Түштүк, 4-, 1-Украин жана Беларусь фронтторунда салгылашып, Таганрог, Мелитополь, Жанкой, Севастополь үчүн болгон уруштарга катышкан. Витебск, Борисов шаарын бошотууга, Сандомир плацдармын ээлөөгө, Кёнигсберг шаарын алууга, Чыгыш Пруссияны фашисттерден тазалоого катышкан. Крым үчүн салгылаштагы эрдиги үчүн 3-даражадагы Даңк орденине, Чыгыш Пруссия операциясына катышканы үчүн 2- жана 1-даражадагы Даңк орденине татыктуу болгон. Согуш убагында 203 согуштук учуш жасап, душмандын 7 самолётун атып түшүргөн. Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган. Түп жана Күрмөнтү айылдарындагы бирден көчө анын ысмы менен аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]