Карым-катнаш

Википедия дан

Карым-катнашка ― адамдардын коомдо биргеликте чогуу жашоосунун жана эмгектенүүсүнүн ошондой эле адамзат топтогон маданиятты, илим-билимди өздөштүрүүсүнүн зарыл шарты.

Карым-катнаштан ажырап калуу адамдын коомдо жашай алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Карым-катнаштын коомдук өнүгүүнүн түрдүү этаптарында түрдүүчө деңгээлде өнүккөндүгү байкалат.Карым-катнаш деп - адамдардын биргелешкен иш-аракетинин зарылдыктарына ылайык пайда болгон, бир эле мезгилде адамдардын өз ара маалымат алмашуусун, өз ара аракеттенишүүсүн, жана өз ара түшүнүшүүсүн камтыган көп кырдуу байланыш процесси. Карым-катнаштын үч милдети бар:
Адамдардын өз ара маалымат алмашуусун камсыз кылат. Адамдардын өз ара аракеттенүүсүн өз ара таасир тийгизүүлөрүн, ишке ашырат. Адамдардын өз ара түшүнүшүүлөрү жүрөт. Карым-катнаштын таралуу аймагын кеңейтүү үчүн азыркы күндө массалык маалымат каражаттары колдонулат.Тилди негизги вербалдык карым-катнаш деп эсептесек болот. Вербалдык эмес карым-катнаш тилдин жардамысыз ишке ашат. Оптика кинетикалык каражаттар мимика, жест, бет булчуңдарынын кыймылдары, жана башкалар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Психология К.Миңбаев

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]