Карын жана он эки эли ичегинин жарасы

Википедия дан

Карын жана он эки эли ичегинин жарасы – адамдын карыны менен он эки эли ичегисинде көп жолугуучу оору. Көбүнчө 25–50 жаштагы эркекте кездешет. Ага нерв-психикалык күч келүү, туура эмес тамактануу, тамеки чегүү, ичкилик ичүү жана башка түрткү берет. Өткүр татымалдар, алкоголь жана башка карындын былжыр челин дүүлүктүрүп, карын зили көп бөлүнүп чыккандан жара пайда болот. Тамекидеги никотин карындын кан тамырларын ичкертип, кан айланууну бузат. Мында тамак ичкенден кийин же ачка болгондо, карын туш ооруйт. Кээде тамактангандан 2–3 саат өткөндөн кийин зарна болот, кекирип, жүрөгү айланып кусат. Он эки эли ичегинин жарасында ич катат. Бул оору жаз жана күз айларында күчөп, оорулуу ишке жөндөмдүүлүгүн жоготот. Кээде кабылдап кетет. Карындын жаралуу капталы тешилип, ич көңдөйү сезгенет (перитонит). Бул учурда тезинен операция жасоо талап кылынат. Жарадан кан агуу да анын кабылдоосу болуп саналат. Оорулуу капысынан алсырайт, муздак тер басат, кээде эстен танып, кусат, ичи өтүп, заңы кара түстө болот. Бул белгилеринен тышкары карын менен он эки эли ичегини рентген аркылуу изилдөө, гастроскопия жасоо менен оору аныкталат. Дарылоодо диета жана эмгек менен эс алууну айкалыштыруу, дарыны туура пайдалануу, нерв-психикалык чарчоодон жана башкалардан сактануу сунуш кылынат. Алдын алууда бала күндөн туура тамактануу, тамеки чекпөө, ичкилик ичпөө керек, кээ бир дарыны (аспирин, бутадион, преднизолон жана башка) баш аламан кабыл алууга болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]