Карыпбек Алымкулов

Википедия дан

Алымкулов Карыпбек - (13. 2. 1938-ж. туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Белек айылы) - электр техник, техника жана технология боюнча доктор (1997), профессор (1992), КРнын өнөр жайга эмгек сиңирген ишмери (1993). ФПИни (1960), Ленинграддагы Электр техника институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1964). ФПИде окутуучу, улук окутуучу, доцент, ФПИнин энергетика факультетинин профессор (1965-2000), КСЭнин Башкы редакциясында техника редакциясынын башчысы (1968-71), Электр машиналарын куруу боюнча илимий-изилдөө, долбоорлоо-конструктордук жана технологиялык институтунун директору (1972-88), КРнын Өкмөтүнүн башкаруу институтунун ректору (1988-92), «Электр техникасы» илимий-техникалык борборунун директору (19922000), Кыргызстандарттын алдындагы Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча Россия академиясынын филиалынын директору (1996-97), КРнын товарөндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти (1996-жылдан), СССРдин ойлоп табуучусу (1984). 160тан ашык илимий эмгеги жарык көргөн, анын ичинде 11 монография, 6 сөздүктүн автору. «Даңк» медалы менен сыйланган (2000). Эмгектери: Однофазные асинхронные двигатели для электроприводов малой мощности. Исследования, разработка, внедрение. Б., 1995; Оптимальное проектирование однофазных коллекторных электродвигателей. Б., 2003.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]