Карышкыр оюн

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 8—16 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Чапан, күрмө, тон.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар сырткы кийимдерин чечишип, аларды бүктөп, короодогу койлордой кылып катар коюшкандан кийин эки топко бөлүнүшөт. Андан кийин оюнчулардын макулдашуусу боюнча биринчи топтогулар «койчу», экинчилер «карышкырдын» ролунда болушат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Карышкырлар» билдирбей келишип бир же бир канча «койлорду» уурдап кетүүгө аракеттенишет. «Койчулар» «карышкырларды» кубалашып, аларды баш кийимдери менен уруп алганга аракеттенишет. Кармалган «карышкырлар» «койлорго» кошулат. Оюн «карышкырлар» же «койлор» калбай калгыча ойнолот. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. «Карышкырлар» же «койчулардын» ролун жакшы аткарган оюнчулардын тобу жеңишет.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кармалган «карышкырларга» кайрадан оюнга кирүүгө, чурулдоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күчтүүлүккө, ылдамдыкка тарбиялап, бир нерсеге көңүл коюуга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]