Карьерди шамалдатуу

Википедия дан

Карьерди шамалдатуу - табигый же жасалма жол менен карьердин ичинде аба алмашууну күчөтүү боюнча көрүлгөн чаралар.

Too-кен жумуштарын жүргүзгөндө карьердин ичиндеги абага бир кыйла көлөмдөгү зыяндуу газдар жана чаңдар аралашып аба булганат. Ал жардыруу учурунда, ичинен күймө кыймылдаткычтар иштегенде жана кендин ичиндеги газдын өзүнөн өзү тутанып кетүүсүнөн, табигый газдардын бөлүнүп чыгышынан, тоо иштерин жүргүзгөндө чаңдоодон ж. б. пайда болот. Жасалма шамалдатуунун максаты - карьердин ичиндеги бөлүнүп чыгып жаткан зыяндуу газдардын кошулмасын таза абанын жардамы менен нормалдуу абалга чейин төмөндөтүү; карьердин булганч абасын таза аба менен алмаштыруу; жардырылган тоо тектерди табигый жол менен газсыздандырууну күчөтүү жана жардыруу болгон жерди шамалдатуу. Карьердин ичиндеги булганч аба атайын шамалдаткыч шахталык машиналардын жардамы менен тазаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.