Кар кристаллдары

Википедия дан

Кар кристаллдары – булуттар менен туманда пайда болуп, алардан түшкөн муз кристаллдары. Кар кристаллдарынын эки негизги формасы болот: жалпак жана түркүк. Биринчисине – 6 бурчтуу жалпак пластинкалар жана 3, 6, 12 шоолалуу жылдыздар, экинчисине – 6 грандуу түркүктөр жана ийнелер, ошондой эле түркүктөр комплекси («кирпи») кирет. Көбүнчө кар кристаллдарынын туура эмес формада түшүшү байкалат. Физикалык шарттын пайда болушуна жана өсүшүнө (баарынан мурда абанын температурасы менен нымдуулугуна) көз каранды, ошондуктан көлөмү менен формасы ар түрдүү болот. Температуранын өсүшү менен кар кристаллдарынын көлөмү жана пластинкалуу форманын бөлүкчөлөрү чоңоёт. Көбүнчө жылдыз жана кирпи түрүндө учурайт. Ийне шоолалуу жылдыздардын туурасы 6–8 мм, пластинка шоолалуу жылдыздар 4–5 мм, кирпилер 2–3 мм, пластинкалар 1–2 мм; түркүктүн узундугу 1–2 мм, ийнелүүлөрдүкү 3–5 мм. Булуттан түшкөн ири кар кристаллдары кар бүртүгү деп аталат. Кар кристаллдары. суу буусунун сублимациясынын натыйжасында муздап калган булуттар менен тумандан же кристаллдык чаңдан пайда болот. Майда булуттуу кристаллдарда жөнөкөй пластинкалар жана түркүктөр болот. Кристаллдын өлчөмү 0,1–0,2 ммден ашканда формасы татаалданат. Катуу шамал болгондо кар кристаллдары 0,1 мм жана андан да майда бөлүнүп кетет. Булуттан муздаган суу тамчыларынын түшүшүнөн кар күкүмү пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]