Кар токтотуу

Википедия дан

Кар токтотуу – талаага кар топтоо жана анын агротехникалык ыкмасы. Күздүк эгин, жер-жемиш жана көп жылдык өсүмдүктөрдү кышкы же жазгы суукта үшүктөн сактоого, талаанын нымдуулугун арттырууга мүмкүндүк берет. Кар калың болсо, жер көп тоңбойт, жазында эрте эрип, суусу жерге жакшы сиңет, топурак кышкы шамал эрозиясына учурабайт. Кар токтотуунун натыйжасында эгиндин түшүмдүүлүгү ар гектарынан 2–4 цге көбөйөт. Кар токтотуунун кеңири таралган жолу – кар жалчаларын топтоо. Кар жалчалары карды трактор менен айдоо аркылуу шамалга карата туурасынан же кыйгачынан кайчылаш, бири экинчисинен 5–10 м алыстыкта топтолот. Карды жылуу күндөрү, кардын жумшак, нымдуу кезинде топтогон жакшы. Карды шамал айдап кетпес үчүн ар кандай тосмолор – кесилген дарак бутактары, үйүлгөн кык, саман жана башка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]