Касеинова Махабат

Википедия дан

Касеинова Махабат – акын. Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында 1985-жылы 25-августта туулган.

2003-жылы жылы өзү туулуп өскөн айылдагы мектепти, 2008-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин тарых факультетин аяктаган.

Анын бир катар чыгармалары мезгилдүү басма сөз беттеринде, “Саамалык”, “Алманын мөмөлөрү”, “Много языков один мир” альманахтарына жарыяланып келет.

2005-жылдан баштап чыгармачыл жаштардын республикалык “Нурборбор” коомдук бирикмесинин жана “Калемгер” адабий клубунун мүчөсү.

Ч.Айтматов атындагы Эл аралык фонду тарабынан уюшулган “Дебют-2008” жайкы мектебинин бүтүрүүчүсү. 2009-жылы “Много языков один мир” конкурсунан поэзия жанры боюнча 1-орунду алган.

2010-жылдан Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жолдо: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2009. – 100 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]