Кассация
Кассация (лат. quasso – бузам, талкалайм) – 1) мыйзамдуу күчүнө кирелек сот чечимдери боюнча андан жогору турган сотторго даттануу, нааразылык көрсөтүү; 2) сот ишине тийиштиги бар кошумча материалдардын негизинде мыйзамдуу күчүнө кирелек чечимдер менен өкүмдөрдүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн андан жогору турган сот органдарынын текшерүүсү. К-лык кароодо сот ишинин өзөгүнө тийиштик кылынбайт; 3) төмөнкү баскычтагы соттордун мыйзам бузгандыгы жана сот ишин жүргүзүү эрежелерин сактабагандыгы боюнча андан жогору турган сот органдарынын сот чечимдерин кайра кароосу.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7