Касситерит

Википедия дан
Касситерит.

Касситерит (грекче kassiteras – калай), калай таш – оксиддер классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы SnO2, тетрагон системасында кристаллданат. Өңү-түсү боз, саргыч боз, күрөң, саргыч күрөң, кара күрөң, кызгылтым күрөң, кара, кээде түссүз. Катуулугу Моостун шкаласы боюнча 6–7. Салыштырма салмагы 6,5–7,5. Гидротерм, пневматолит процесстеринен пайда болот. Пегматит тарамдарында көп кездешет. Кварцкасситерит, сульфид-касситерит тарамдарында пайда болгондору өнөр жайлык мааниге ээ. Кычкылданууга, талкаланууга туруктуу. Чачыранды түрдө көп кездешет. Негизги калай кени болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]