Кастеев Абылхан

Википедия дан

Кастеев Абылхан (1(14). 1.1904 - 2. 11. 1973) - советтик живописчи жана акварелчи, Казак ССР эл сүрөтчүсү (1944).

  • 1949-жылдан КПСС мүчөсү. Алматы жана Москва көркөм сүрөт студиясында И. Хлудов менен И. Бродскийден (1929 - 36) окуган.
  • Казак сүрөт өнөрүнө чыйыр салгандардан.
  • Кастеев - революцияга чейинки жана азыркы Казакстандын турмушун чагылдырган композиция («Эски жана жаңы турмуш» сериясы, 1930), портрет («Амангелди Иманов», 1950), ошондой эле пейзаждардын («Казак жергесинде» сериясы, акварель, 1955 - 65; «Кара Too кени», 1967) автору.
  • Кастеев бийик идеяга каныккан, терец мазмундуу 1000ден ашуун сүрөт тарткан.
  • Казак ССР Жогорку Советине (4 - 5-шайл.) депутат.
  • Казак ССР мамлекеттик сыйл. (1966) лауреаты.
  • 4 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.