Фидель Кастро

Википедия дан
Кастро Рус Фидель‎»‎ барагынан багытталды)
Фидель Кастро (2003).

Кастро Рус Фидель (13. 8. 1926-жылы туулган, Биран, Орьенте провинциясы — 25. 11. 2016-жылы) – Кубанын мамлекеттик, саясий жана аскер ишмери. Советтер Союзунун Баатыры (1963). Гаванада католик колледжин (1945), Гавана университетинин укук факультетин (1950) бүткөн. 50-жылдардын башында Куба элинин («Ортодокстор») партиясына өткөн. Өлкөдө генерал Фульхенсио Батистанын диктатурасы орногондон кийин (1952, март) ага каршы чакан топ түзүп, 1953-жылы 26-июлда Сантьягоде-Куба шаарындагы аскер казармасына кол салган, бирок ал аёосуз басылып, аскер трибуналынын өкүмү менен 15 жыл түрмөгө кесилген. 1955-жылы коомчулуктун кысымы боюнча мунапыс алып, Мексикага эмиграцияга кеткен жана ал жерде «26-июль кыймылы» аттуу революциялык топ түзгөн. 1956-жылы декабрда Кастро Рус, иниси – Рауль Кастро, аргентиналык Эрнесто Че Гевара жана революционерлер тобу менен Кубанын Орьенте провинциясына келип, Батистанын диктатурасына каршы партизандык күрөшкө жетекчилик кылган. 1959-жылы 1-январда Кубада революция жеңип, Батистанын бийлиги кулаган соң, Куба Республикасынын революциячыл өкмөтүнүн премьер-министри болгон (1959–77). 1965-жылдан Куба КП БКнын 1-секретары, 1977–2008-жылдары Мамлекеттик жана Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. Кастро Рус 1960-жылы Кубадагы АКШ жана башка чет мамлекеттердин менчиктерин тартып алып, амертардын 850 млн доллардык ишканаларын мамлекеттештирген. СССР жана башка социалисттик мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарды түзгөн. «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1961). 3 Ленин, Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]