Касыев Бекташ

Википедия дан

Касыев Бекташ Кара-Кулжа районунун Сай айылында 1943-жылы 2-февралда туулган. 1960-жылы Кызыл-Жол мектебин бүтүргөн.

1960–1961-жж. Жалал-Абаддагы кооперативдик окуу жайынан билим алып, 1962-жылдан Кара-Кулжа районунда айылдык керек-жарак коомунда бухгалтер болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.

1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин айыл чарба экономикалык адистигин аяктап, Кара-Кулжа районунун Ленин колхозунда башкы экономист, 1972-жылдан Карл Маркс атындагы колхоздо эмгек боюнча бухгалтер, материалдык бухгалтер, экономист, текшерүү комиссиясынын башчысы болуп иштеген.

2011-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дил кайрык. – Б., 1995. – 46 б.

Таазим. – Б., 2000. – 52 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]