Касымаалиева Батый

Википедия дан

Касымаалиева Батый Оймочу. 1939-ж. Кант районундагы Карагай Булак айылында төрөлгөн.

Жети жылдык мектепти бүткөн. Кайын энеси Жаманкыздын шырдакчылык нускасын алган. Боёкту кийизге сиңирүүдө ички касиеттерин таасын билген уз абалы аларды ачык суу (уксус) менен коруштайт. Кээде эрменди кайнатып, ачуу суусун тундуруп, ага боёкту аралаштырып коруштайт. Сүзмөнүн суусу менен коруштоону да мыкты билет. Боёктор кийизге кынадай жагып, өмүр бою өңү өчпөйт. Оймочу шырдактын үч түрүн бирдей кармайт. Алардын бири жалпы оюм. Мында буюмдун «аламычы» чыкпайт. Бул кыргыздын кызыл шырдагына шарттуу келет. Негизи «мүйүз оюмдарынын» түрлөрүнөн турат да, алар ич ара тирелишип, оюм элементтери ичи-сыртына бирдей айкалышат. Уз аларды өзүнүн кыял чабытына карата пайдаланат. Оюм-чийимдин тактыгына жана төптүгүнө назар таштаган Батый «төрт кочкор мүйүз оюму» «сегиз сыңар мүйүз оюму» менен айкалышканда ичинен кайра «мүйүз оюмунун» элементтерин жаратат. Түр шырдак кармоодо ал борбордук оюмга беш табакчаны алат, ошондой табакчалардын төртөөнү колтук оюм катары алып, ар бир табакчаны ак-кара «аламыч» аркылуу алкактайт. Ага түшкөн ыскыт (милте) жалгыз аяк жол сымалданат. Уздун кыздары Рапа, Динара, Анара - анын ишенимдүү үйрөнчүктөрү. Эмгеги баттамада.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0