Катагандар

Википедия дан

Катагандар — Батыш Кытай, Афганистандын түндүгүндө, айрым бөлүктөрү Тажикстандын түштүгүндө жашап жаткан этнографиялык топ. Бул этнографиялык топтун келип чыгыш теги, материалдык жана руханий маданияты кыргыздарга тектеш. Катагандар жөнүндө маалыматтар алгач ирет, Рашид ад-Диндин «Жами ат Таварихинде»(«Тарыхтар жыйнагы»,14-к.) чагылдырылат. Автор «катакин»//»хатакин» уруусун монгол-жерундардын курамына кошот.

Изилдөөчүлөр катагандарды Орто Азияга Чыңгыз хандын жеңип алууларынын учурунда көчүп келишкендигин жазат. Кыргыз дастандарында, санжыра-уламыштарында катагандар байыртадан кыргыз урууларынын бири экендиги айтылып келери маалым. Айрым маалыматтарда Чыгыш Түркстандагы Хотан жана Яркенд округдарынын ортолугунда өздөрүн «кыргызбыз» деп аташкан 1000 үйлүү катагандар жашашары тастыкталат. Изилдөөчүлөр бул катагандардын теңиртоолук кыргыздардан бир айырмасы көзү өткөн кишини жоктоп аза тартуу, кайгыны билдирүү келгендерге тамак- аш тартылгандан соң башталарын белгилейт. Учурда Өзбекстан жана Тажикстандын түштүк аймактарында (Кашкадарыя, Сурхан- дарыя, Коргонтөбө), Афганистандын түндүгүндө «катаган» деген түрк тилинде сүйлөгөн этнографиялык ири топ жашайт. Илимий адабияттарда бул топ «өзбек-катагандар» деген ат менен да белгилүү. Изилдөөчүлөр бул аймакта 17-к. эскериле баштаган катагандардын насили кыргыз деген тыянакка келишет. Лорддун берген маалыматтарында катагандардын он алты уруусунун бири - «басыз» деп аталганы чагылдырылат. Басыз - кыргыздын сол канатындагы ири уруунун аталышы катары белгилүү.

Мындан сырткары, катагандар (илимий адабияттарга өзбек- катаган деген ат менен кирип калган) жашаган аймакта Солто, Басыз топонимдери катталган. Кыргыз эпосторунун дээрлигинде орто кылымдардагы катагандар кыргыздын бир уруусу катары чагылдырылат. Катаган тобу сарттар (адигине), чекир саяк урууларынын курамдарындагы уруктар катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]