Катакомба

Википедия дан

Катакомба – жер алдындагы жасалма же табигый жайлар. Илгери диний ырым-жырым өткөрүү, табыт коюу үчүн пайдаланылган. Катакомба Римдин чет жакалары, Египет, Алдыңкы жана Кичи Азия жана башка жерлерде кездешет. Байыркы Рустун катакомба сымал жайлары Киев-Печора лаврасында сакталып калган. Мурда таш жана башка алынган жер астындагы казмалар да катакомба деп аталат. Одесса менен Ажимушкайдын айтылуу катакомбаларын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде советтик партизандар душманга каршы күрөштө пайдаланган. Кыргыз жеринде 1–5-кылымда жашаган көчмөн уруулардын казанактуу көрлөрү катакомба деп шарттуу аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]