Катаракта

Википедия дан
Катаракта.

Катаракта (грекче katarrhaktes – шаркыратма) – көз чечекейинин тунарышы. Ал жарык нурунун өтүшүнө тоскоол болуп, көрүүнү начарлатат. Тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса катаракта түйүлдүктө эле пайда болот. Анда чечекейдин тунаруусу жаш өткөн сайын өзгөрбөйт, тунук бөлүктөр сакталып, көрүү анча начарлабайт. Кийин пайда болгон катарактада тунаруу чечекейдин чет жагынан башталса, көрүүнүн начарлаганы көпкө чейин сезилбейт. Кийинчерээк четтеги тунаруу ортого чогулуп кошулганда көрүү начарлайт. Буга улгайгандардын катарактасы мүнөздүү. Мында бүт чечекей бозоруп, көз дээрлик көрбөй калат. Катарактанын күчөшүнө кант диабети, көздүн көп оорушу, көздүн майып болушу, ошондой эле жогорку температура жана башка шарт түзөт. Чечекейдин тунарышы күчөгөндө хирург. жол менен дарылайт. Айрым учурда жасалма чечекей коюлат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]