Мазмунга өтүү

Катарлап себүү

Википедия дан

Катарлап себүү – дан эгиндерин себүү ыкмасы. Үрөн 10–25 см катар аралыкта дисктүү же сошниктүү сепкич менен себилет. Дисктүү сепкичти таштак, нымдуу жерге, сошниктүүсүн майда топурактуу аянттарды айдоодо пайдаланса, үрөн белгилүү тереңдикте, текши себилип, жапырт өнүп чыгат. Катарлап себүүнүн кемчилиги: өсүмдүктөрдүн аралыгы узунунан алганда өтө эле жакын, катарынан алганда алыс болуп, өсүмдүктүн азыктануу аянты бир капталы кууш төрт бурчтук (12,5–15×2 см) болуп калат. Бул кемчиликти кайчылаш себүү аркылуу жоюуга болот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]