Катар оюну

Википедия дан

Катар оюну. Катар оюну кыргыз элинин эң байыркы элдик оюндарынын бири. Улуттук маданиятынын белгиси. Оюн атайын жасалган тактачада ойнолот. Ал узундугу 30 сантиметр, туурасы 15 – 16 сантиметр, калыңдыгы 2 – 2,5 сантиметр болгон жыгач тактадан жасалат. Тактанын бетине 20 см, 15 см, 10 см квадрат келген чарчы сызыкчалар чийилет. Сызыкчалардын бурчтарына, чарчы сызыкчалардын ортолорун туташтырган сызыкчалардын кошулушкан жерине корголдор салынуучу уячалар оюлат. Тактачанын оюнчулар боюнча оң жактарына диаметри 4 сантиметр келген бирден эки уяча жасалат. Тактанын оюн ойнолуучу бетинин бош калган жерлерине, арткы бетине, капталдарына оймо – чиймелер түшүрүлөт. Он сегиз корголду же корголдой чоңдуктагы таштарды сактоо үчүн оюн тактасынын оюнчулар боюнча сол жагынан эң жогорку капталынын ортосуна узундугу 4 – 5 сантиметр, туурасы 1 сантиметр келген бирден уячалар ( ал үйчөлөр деп да аталат ) жасалып, уячаларга жыгачтан пөк ( капкак ) жасалат. Пөктүн төбөсүнө көзөнөк чыгарылгын зым мык кагылып, ага чачы тагылат.
Катар оюнунун 9 ак түстөгү, 9 башка түстөгү ( бирок бардыгы бирдей түскө боёлгон ) 18 корголу болот. Корголдорду жана такчаны ар кандай материалдан, тактанын узундугун, туурасын, калыңдыгын, корголдорун, чарчы сызыкчаларын, корголдун ордун түрдүү көлөмдө жасаса болот.
Бир тактачада эки гана оюнчу ойнойт. Оюн жаат боюнча да ойнолот. Оюнчулардын жашы чектелбейт. Калыс ойноочу эки оюнчуну же жааттардан бирден өкүл чакырат. Бир колуна ак ташты, бир колуна башка түстөгү ташты жашырат да, эки колун жумган боюнча алга сунуп “кайсынысы сеники?” – дейт. Оюнчулардын кимиси калыстын ак таш жашырган колун көргөзсө, ошол оюнчу же жаат оюнду баштоого укук алат.
Калыс оюнчуларга оюн тактасы, корголдорду берет. Ак таштар ( корголдор ) оюнду баштоо укугун алган оюнчуга берилет. Оюнчулар өздөрүнө берилген 9дан корголду оюн тактасынын өздөрү жагындагы “үйчөлөргө” тизишет. Оюнду ак ташты алган оюнчу баштайт. Ал бир корголун атаандашынын корголдору тизилген жакты көздөй өзү каалаган бурчка же сызыктар кошулган жерге жүрөт ( көчөт ). Биринчи оюнчу жүргөндөн кийин таш жүрүү кезеги экинчи оюнчуга келет. Атаандаш оюнчулар бири – бирине корголдорун уттурбоо үчүн жана атаандаштарынын таштарын утуп алуу максатында корголдорун өзү каалаган бурчка же сызыкчалардын кошулган жерине жайгаштырышат. Оюнчулардын ар бири өзүнүн корголдорун катары менен эки бурчка, эки бурчтун ортосундагы сызыкчалардын кошулган жерине, бардыгы үч корголду бир сызыкчага тизүүгө аракеттенишет. Оюнчулар корголдорду бурч менен бурчтун ортосундагы “үйчөнү”аттап бурчтан бурчка көчүүгө болбойт. Оюнчу атаандашынын үч корголун катары менен түз бир сызыкка эки бурчка эки бурчтун ортосундагы “үйчөлөргө” тиздирбөөгө аракеттенет. Эгер атаандаш оюнчулардын бири корголун бир катарга тизсе, ошол оюнчу атаандашынын катар тизилген корголдорунан бирди алып, өз корголдорунан бирди өзү каалаган бурчка же сызыкчалардын кошулган жерине, ташынын алдында турган бош “үйчөгө” көчөт.
Эгер атаандаш ончу колундагы корголдорун оюн тактасына тизип бүтсө, жүрүү кезеги келген оюнчу атаандашынын сызыкчага тизилген корголун утуп алуу максатында өзү каалаган жакты көздөй жүрүп, бир катарга тизүүгө аракеттенет. Андан кийин атаандаш оюнчулардын бири корголдорун катар тизип алган болсо, атаандашынын корголдорунан бирди алат да, өзүнүн тизилген корголдорунан жүрүүнү улантат. Кийинки жолу да корголдорун катар тизе алган сайын атаандашынын корголдорун утуп ала берет. Ошентип, оюн улантыла берет. Оюнчулардын биринин тизген корголу түгөнсө же корголдорунун жүрүү жолу калбай калса оюн аякталды деп эсептплет. Бир оюн ( партия ) аяктаганда калыстын катышуусу менен эки оюнчу же эки жааттын оюнчулары өздөрү утуп алган жана оюн тактасында калган корголдорун кошуп эсептешет. Кайсы оюнчунун же жааттын корголдору көп болсо, ошол оюнчу же жаат утат. Оюнду уткан жаатка же оюнчуга 1 упай берилет.
Оюндун акырында калыс оюнчулар менен бирдикте упайларды эсептеп чыгат. Кайсы оюнчунун же жааттын упайлары көп болсо ошол оюнчу же жаат утат.
Маалымат булагы: Токторбаев С. “Өспүрүмдөр оюндары”.