Катафора

Википедия дан

Катафора - текстте али айтыла элек информация жөнүндө алдын-ала кеп кылуу, баяндалып жаткан окуя бүтө электе андан ары эмне болоору тууралуу алдын-ала билдирүү, алдыга кайрылуу деген маанини туюндурат.

Негизинен, тексттеги информациянын андан ары өнүгүшүнө негиз болгон интеграциялык каражат. Маселен, текстте кеп боло турган окуя жөнүндө алдын-ала кабар, комментарий берилет да, ал кабар тексттин кийинки уландысында чечмеленет. Тексттеги ойдун уландысы, динамикасы, кыймылы жана андан кийинки этабы ушинтип башталат. Мис., окумуштуу С.Жигитов "Күн тууду" деген икаясында тексттин үзгүлтүксүз кыймылын минтип түзгөн:

"...Бир сапар күндүз кое берсек, ал (ит) биздикине келаткан карыя бабабызды байкатпай куду май куйрук туштан каап алды. Чапандын калыңдыгына баракелде, иттин тиши чалдын этине өтпөй калыптыр. Ошо жолу Түмөн Жолборсту байлап алып эси-көөнүнөн кеткис кылып аябай сабады. А деле пейли бузулган итке сабак болбоптур. Ал кийин райондук милициянын начальнигине асыла кетпедиби" . Алды сызылган синтаксема - Катафоралык синтаксема. Бул Катафоралык синтаксемадан кийин Жолборс милициянын начальнигин кантип капканы, анын ким экени, анын күлкүгө, шылдыңга кантип кириптер болгону жөнүндө окуя уланып кетет. Бул тексттин уюшулушунун Катафоралык жолу, Катафоралык интеграциясы болуп саналат. Мындай жол тексттин бирдиктеринин бекем семантика-структуралык байланышын, баяндоонун үзгүлтүксүз кыймылын түзөт.

Ар кандай синтаксема, синтаксемалык структура Катафоралык функцияны ат-карышы мүмкүн. Биз аны тексттин жалпы мазмунунан гана байкайбыз. Мис., "Бирок, ошондон көп өтпөй үчөөбүздүн ортобузда мен түшүнбөгөн кызык окуялар башталып, акыр аягы чатак менен бүтсө болобу. Кептин баары Ажике жеңем самоор коюп, бизге түшкү чай берем дегенден башталды окшойт..." Андан кийин ошол чатактын чоо-жайы жөнүндө "Мунабия" аңгемесинде баян берилет. Бул - тексттин уюшулушунун бир механизми, ыкмасы. Көрүнүп тургандай, Катафоралык каражаттар текстте семантикалык динамиканы туюндуруп, текстти интеграциялоочу функцияны аткарат.

Катафоратекстте астыртан сөз чыгарып, андагы баяндын андан ары уланышына шарт түзөт. Ошентип, текстте семантикалык, структуралык, коммуникативдик бир бүтүндүк, бир монолит түзүлө баштайт. Пикир алышууда информацияны туюндурууда мындай биримдик өтө зарыл. Катафоралык каражаттар текстти интеграциялоочу төмөнкүдөй функцияны аткарат: -тексттеги информациянын андан ары өнүгүшүнө негиз болуп, ойдун уландысын, динамикасын, кыймылын жана кийинки этабын көрсөтөт; - тексттин бирдиктеринин ортосундагы семантикалык, структуралык байланышты, баяндоонун континуумун, үзгүлтүксүз кыймылын уюштурат; - текстте информациялык борбордун эволюциясын көрсөтүп турган каражат катары тексттин коммуникативдүүлүгүн түзүүгө катышат; - чаржайыт өңдөнүп, текстте чачылып, темадан четтеп бараткансыган баянды теске салат; - баяндоонун мезгилдик жана мейкиндик алкакта ээн-эркин болушун шарттайт ж.б.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4