Катер

Википедия дан

Катер - анча чоң эмес кеме же согуш кемеси.

Катердин уз. 1,5 - 40 м, туурасы 7 м те чейин, сууга сыйымдуулугу бир нече ондогон кг дан 150 г га чейин, ылдамдыгы 3 - 70 түйүн (5,5 - 130 к м/с). Катер корпусунун суу алдындагы бөлүгүнүн конструкциясына жараша кырлуу, жалпак түптүү; кыймылга келүү принцибине карата сууга сыйымдуу, глиссер, аба жаздыктуу болуп бөлүнөт. Кыймылдаткычынын түрүнө жараша буулуу, моторлуу, газ турбиналуу жана парус-калактуу болот.

Катер АДФте согуш кемеси, жардамчы кеме жана калкып жүрүүчү база катары пайдаланылат. Катердин ракеталык, артиллериялык, торпедалык, кайыкка каршы, минадан сактагыч, күзөтчү, десанттык, ошондой эле жардамчы максатта колдонулуучу гидрографиялык сүзгүч, санитариялык, куткаргыч, сүйрөгүч, ташыгыч ж. б. түрлөрү бар. Куткаргыч жана ташыгыч Катерлер согуштук чоң кемелердин, соода жана промыселдик кемелердин курамына кирет. Эл чарбасында Катерлер жүргүнчү жана чакан жүк ташууга, өзү жүрбөгөн кемелерди сүйрөөдө, кайтаруу кызматында, илимий изилдөө, лоцмандык ж. б. иштерде керектелет. Суу-мотор спортунда асма же стационар моторлуу, жарышууга арналган туристтик Катерлер колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.