Катмар

Википедия дан

Катмар – ар кандай курамдагы, түрдүү түзүлүштөгү тектердин бир нече кабаттан турган жыйындысы. Ар бир кабаты литологиялык курамы менен мүнөздөлөт. Чөкмө, жанар тоо, метаморфизмделген тектердин ар бири өз алдынча же аралаш орун алат. Фациялык, литологиялык, палеонтологиялык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. геологиялык жашы, калыңдыгы ар кандай. Чек аралары стратиграфиялык шкалага (жалпы жана жергиликтүү) туура келбейт. геологиялык практикада тоо тектерине тиешелүү ат колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]