Катта Карасел мөңгүсү

Википедия дан

Катта Карасел мөңгүсүАлай кырка тоосунун түн. капталындагы артасалма-өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,3 км, аянты 3,7 км2; көлөмү 0,27 км3.

Исфайрамсайдын оң курамы–Кичи Алайдын алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м. Абляция облусунун аянты 2,7 км2. Кийинки мезгилде тартылууда. Мөңгүдөн Карасел суусу (Кичи Алайдын куймасы) башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2