Катуу нерсе

Википедия дан

Катуу нерсе – заттын агрегаттык абалынын бири. Ал туруктуу формага ээ. Аны түзгөн атомдор өзүнүн тең салмактуу абалынын айланасында кичине (жылуулук) термелүүдө болот. Катуу нерсе кристаллдык жана аморфтук болуп бөлүнөт. Кристаллдарда атомдордун жана молекулалардын жайгашуусу белгилүү тартипке ээ, ал эми аморфтук катуу нерсенин бөлүкчөлөрү (атом жана молекулалары) иретсиз жайгашып, чекиттердин айланасында термелип турат. Катуу нерседе иондуу, коваленттүү, металлдык жана башка байланыштар болгондуктан, ал ар кандай физикалык касиеттерге ээ. Мисалы, иондуу байланыштагы зат (диэлектрик) морт, ал эми металлдар өтө пластикалуу (чоюлгуч, ийилгич жана башка). Катуу нерсенин электр, магнит жана кээ бир жылуулук касиеттери негизинен анын атомдорунун валенттүү электрондорунун кыймыл түрү менен аныкталат. Кыймыл түрү болсо байланыштын тиби менен шартталат. Катуу нерсенин электрдик касиети боюнча диэлектрик, жарым өткөргүч жана металл болуп бөлүнөт; магниттик касиети боюнча диамагнетик, парамагнетик жана магнетик структурасы иреттелген нерселер болуп айырмаланат.

=Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]