Катуу нерселердин плазмасы

Википедия дан

Катуу нерселердин плазмасы - катуу нерселерде оң жана терс заряддарды алып жүрүүчүлөрдүн (электрондор менен «көңдөйчөлөрдүн») системасы.

Катуу нерселердин плазмасына электрондор жана «көңдөйчөлөрү» гана катышкандыктан ал заряддуу (металлдарда электрондуу плазма, жарым өткөргүчтөрдө электрондуу же «көңдөйлүү» плазма ж. б.) же нейтралдуу (жарым өткөргүчтө электрон-көңдөйчөлүү плазма) болушу мүмкүн. Катуу нерселердин плазмасынын айрым касиеттери катуу нерсенин кристалл торчосунун тибине, өзгөчөлүгүнө жана кристаллдык торчо менен зарядды алып жүрүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенишке жараша болот. Экинчиден, Катуу нерселердин плазмасын көпчүлүк учурда изоляцияланган кичине система деп кароого болот. Катуу нерселерде электрондук, нейтралдуу, ал эми заряддуу плазмаларда ар кандай (ленгмюрдук, үндүк) термелүүлөр болушу мүмкүн. Катуу нерселердин плазмасы менен кристаллдык торчонун ортосундагы өз ара байланыштын натыйжасында үндүн катуу нерседе таралышы өзгөрөт. Ар кандай катуу нерселерде Катуу нерселердин плазмасы менен өз ара аракеттенген учурдагы үн толкунунун басаңдашы түрдүүчө болот жана үндүн басаңдашы плазманы ташуучулардын илээшкектиги менен тушүндүрүлөт. Тышкы электр талаасынын аракетинен катуу нерселерде пайда болуучу заряддуу бөлүкчөлөрдүн кыймылы айрым учурларда туруксуз болуп, кээде катуу нерсе аркылуу электр тогунун өтүшүн өзгөртөт. Электр потенциалынын, температуранын, тыгыздыктын ж. б. өзгөрүшү менен плазманын ламинардык агымы да туруксуз болушу ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.