Катыш

Википедия дан

Катыш – бирдей өлчөмдөгү (бир тектүү) эки чоңдуктун бирин экинчисине бөлгөндөгү тийинди, башкача айтканда алардын бөлүү жолу менен салыштырылышы. Бирдей өлчөмдөгү чоңдуктардын (убакыт, аралык, аянт, көлөм, салмак жана башка) катышы алардын сан өлчөмдөрүнүн катышы менен аныкталат да, алардын өлчөө бирдиктерине көз каранды болбойт. Тийиндидеги бөлүнүүчү катыштын мурунку, бөлүүчү анын кийинки мүчөсү деп аталат. Мисалы, а:b=е болсо, анда а – катыштын мурунку, b – анын кийинки мүчөсү болот. Катыштын касиеттери тийиндинин же бөлчөктүн касиеттеринен эч айырмаланбайт, а. а. эгер а:b=е болсо, анда 1) a=bc; 2) b; 3) ; 4) ; 5) бөлчөктүү сандардын катыштарын бүтүн сандардын катыштары менен алмаштырууга болот: :=. Бир тектүү чоңдуктардын катары процент аркылуу туюнтулат. Мисалы, китепканадагы 20000 китептин 6000и кыргыз тилинде десек, кыргызча китептердин саны алардын жалпы санына карата кандайча катышат? 6000:20000 = 0,3, издеген катыш 0,3 же 30% болот. Эки же бир нече барабар катыштар пропорцияны түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]