Кафка Франц

Википедия дан

Кафка Франц (3. 7. 1883, Прага – 3. 6. 1924, Вена, сөөгү Прагага коюлган) – австриялык жазуучу. 1901–06-жылдары Париж университетинин юридика факультетинде окуган. Чыгармачылыгы 1909-жылдан башталган. «Өкүм» (1913), «Кочегар» (1913), «Кубулуу» (1916), «Америка (1914), «Процесс» (1915), «Сепил» (1922) романдарында жана икая формасындагы аңгемелеринде буржуазиялык дүйнөдөгү адамдын трагедиялык турмушу, алсыздыгы көрсөтүлгөн. Коркунучтуу окуяларды жана таң каларлык кубулуштарды сүрөттөөдө («Кубулуу» жыйнагы, 1916) чындыктын өзүнө окшотуп жазган стили менен өзгөчө таасирдүүлүккө жеткен. Мүнөзгө эмес, мүнөздүүлүккө (коркуу, өкүнүү, куса болуу жана башка учурларга) өзгөчө көңүл бурганы Кафканы экспрессионисттерге жакындаштырат. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. Чыгармалары: Избранное. М., 1989; Кубулуу. «Тулпар»,№ 1–2, 1993.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]