Качалык

Википедия дан

Качалык"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Калмак кол башчысы. Араникте болгон согушта жекеде көзүнө найзанын сыныгы кирип, кошунун көздөй бараткан Ашаң дөөнүн аркасынан барып айбалталап жыгып жарадар кылат. Андан соң майданга чыккан Көкчө экөө көпкө салышып, бири-бирин жеңе албай койгондон кийин мылтык атышмак болот. Көкчө туруп берип, К. атканда дарыны көп салып коюп, огу алыс кетип калат. Кезегин бербей качып жөнөгөн К-тын оң колун Көкчө билегинен үзө атат. Камчыланам деп тизгин-чылбырын түшүрүп жиберип аты чалынып калган К-ты Көкчө кууп жетип өлтүрөт (Курама варианты, 1. 116, 120—123).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4