Качибеков Кушубек (Кушан)

Википедия дан

Качибеков Кушубек (Кушан) – жазуучу. Талас районунун Чат-Базар айылында 1952-жылы 26-июнда туулган. А.Оторбаев атындагы орто мектепти жана 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн.

1974-1980-жж. Талас районундагы колхоздордо бухгалтер-экономисттик кесипте эмгектенген. 1981-1994-жж. Талас облустук айыл-чарба башкармасында, агро-өнөр жай комитетинде, экономика илим-изилдөө институтунда, айыл чарба министрлигинде жетектөөчү адис, илимий кызматкер, башкы адис, бөлүм башчы, 1995-2003-жж. көз карандысыз эркин аудитор, 2003-2017 жж. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүндө мамлекеттик инспектор болуп иштеген.

2006-2008-жж. Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын бүтүрүп, жогорку юридикалык билим алган. 2019-жылдан бери КР .Китеп палатасынын жооптуу кызматкери.

4 тарыхый китептердин жана 2 макалалар жыйнагынын автору. Экономикалык, тарыхый, элдик дарыгерлик темалары боюнча бир нече макалалардын автору. 1989, 1990-жылдары “Ала-Тоо” журналына “Санжыра-тарыхка так мамиле”, “Ак шербет” дастандары жарыяланган. “Талас турмушу” гезитине “Аблай жөнүндө ыр”, А. Маргуландан орус тилинен котормосу жарык көргөн.

Бүргө баатырдын атчан айкелин Талас районунун Чат-Базар айылына тургузуунун демилгечиси. Казакстандагы Бүргө баатырдын кабырына таш эстелик, Талас шаарына Итим бийдин айкелин орнотуунун демилгечиси жана уюштуруучусу.

Москвада чыгуучу “Арман” аскердик-тарыхый журналдын Кыргызстан боюнча редколлегия мүчөсү.

2008-жылы “Мамлекеттик аудиттин отличниги”, 2009-жылы ”Маданияттын мыкты кызматкери”,"Элге билим беруунун отличниги" төш белгилери жана. Бишкек шаарынын алтын медалы менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. “Бүргө баатыр” коомдук кайрымдуулук фондусунун президенти, эл аралык "Алтай-Манас-Талас" коомдук бирикмесинин жетекчиси. Талас районунун ардактуу атуулу . Коомдук кайрымдуулук фондусу аркылуу жыл сайын Суусамыр жайлоосуна жайкы балдар лагерин уюштуруп жетим балдар интернаттарынан окуучуларды эс алдырышат. Алтай республикасына Айкол Манастын айкелин орнотуу боюнча демилгечи. Аталган коомдук бирикменин аракети менен РФ Тоолу-Алтай мамлекеттик Университетине жыл сайын Кыргызстандык 40-50 студенттерди бюджеттик негизде бекер окутуп жатат. Жыйынтыгында бүгүнкү күндө Алтайда 300 дөн ашык кыргызстандык жаштар билим алууда.

1996-жылдан Кыргызстан Журналисттер, 2008-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүргө баатыр: Көркөм баян. - Б.: Бийиктик, 2003, 2007. - 205 б.

Эр Солтоной баяны: Тарыхый-көркөм баян. - Б.: Илим, 2008. - 90 б.

Сатыкей баатыр: Тарыхый роман. - Б.: Учкун, 2009. - 180 б.

Төрөкул Жанузаков... Түркстан жаңырыгы. тарыхый-даректүү баян. Мега -Формат.2019. 564 б.

Кушчу этимологисы, Туран, Кушан империялары. тарыхый иликтөөлөр. Мега-Формат. 2019.98 б.

Кубат бий. макалалар жыйнагы .Мегаформат. 2019. 103 б.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]