Качканак Алымкулов

Википедия дан

Алымкулов Качканак (1940-ж.х, Сары-Булак айылы) - айыл чарба хармагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардакхуу атуулу (2011).

Эмгек жолун 90-жылдары “Кызыл-Туу” колхозунда жардамчы чабан, “Чаткал” совхозунда баш чабан болуп иштеген. Көп жылдар бою соолук койдун ар бир жүз тубарынан 126 баштан козу, 42 кгдан жүн алып келген. Райондук кеңешке депутат, Кыргыз ССР Жогорку Советинин сьездине делегат болуп шайланган.

“Ленин” (1976), 2 “Эмгек Кызыл Туу” (1966, 1986) ордендери, Бүткүл союздук эл чарбасынын жетишкендиктеринин (ВДНХ) 3 күмүш медалы (1979, 1980, 1982), ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6