Качма топ

Википедия дан

Качма топ – балдар оюну. Балдар эки топко бөлүнүшүп таяк кармашып, кайсы топтун өкүлү анын эң учун кармаса, оюнду баштап, топту чабуу укугун алат. Топ тоскон тараптагылардын бирөө оюнчуларга топ салып берип турат. Калгандары чабылган топту тосуп, белгиленген чекке (30–50 м) чуркап бара жаткан балдарды топ менен урушат. Чабылган топту жерге түшүрбөй тосуп же качып бара жаткан балдарды урганда тийгизсе, алар тарап оюнду жеңген болот. Эгер өнөктөштөрдүн баары топту бирден чаап бүтүп, эң акырында калган бала топту үч жолу удаа чапканга чейин аркы чекке барып кайткан бала жок болсо, ал тарап утулган болот. Оюнчулардын кезеги алмашылып, 2-тарап топ чабууга келет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]