Түлкү уулу Качыке

Википедия дан
Качыке Түлкү уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Түлкү уулу Качыке (туулган жана өлгөн жылдары белгисиз) — 18-кылымдын 2-жарымы 19-кылымдын башында жашап өткөн жумгалдык манап.

Качыкенин атасы Түлкү өз мезгилинде саяк уруусун бийлеп, 1758-ж. Кытайга барган кыргыз элчилеринин ичинде болгон. Качыке кулжыгач уругун бийлеген. Анын уулу Эраалы 1856-жылы Ч. Валиханов Кыргызстандын азыркы аймагына келген мезгилде көзү өтүп, кулжыгач уругун Качыкенин небереси Түлөөке башкарып турганы белгилүү.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.