Качыр

Википедия дан
Качыр.

Качыр (латынча mulus) – жылкы (бээ) менен эшекти аргындаштыруудан алынган үй жаныбары. Чоңдугу, ийкемдүүлүгү жылкыга, чыдамдуулугу, иштемчилдиги эшекке окшош. Качыр көп жыл жашайт, пароплазма жана инфекция анемиясына дээрлик чалдыкпайт. Тоютту колдон талап кылбайт. Качыр тукум бербейт. Өңү негизинен өзүн тууган бээникине окшош. Күч унаа катары пайдаланылат. Иштемчилдигине жараша жүкчүл жана чегилме качырга бөлүнөт. Ыйык жалынан бийиктиги: жүкчүл качырдыкы 110–140 см, чегилме качырдыкы 160 см. Жүкчүл Качырдын салмагы 300– 400 кг. Качыр Борбордук Азия, Закавказьеде, ошондой эле Азия, Африка өлкөлөрүндө, Европанын түштүгүндө асыралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]