Кашаа

Википедия дан

Кашаа — жайыттагы же кыштоодогу кой кармоо үчүн убактылуу курчала тургузулган жасалма тосмо. Кашаа негизинен тал жана башка жыгачтан жасалат. Айрым учурларда бадалдан, таштан, кыштан тосулат. Кашаанын үстү ачык болот. Кашаа атайын курулган кой сарайлар зарылчылыгы жок жерлерде курулат. Түштүк Кыргыз- стандын айрым райондорунда чабыра деп аташат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]