Каширин Фёдор Тихонович

Википедия дан

Каширин Фёдор Тихонович (11. 10. 1911, Воронеж облусу, Борисоглебский району, Танцырей кыштагы – 25. 04. 1997, Бишкек) – геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1964), профессор (1968). СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1953), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1954). Москва геологиялык чалгындоо институтун бүткөн (1938). Кыргыз ССР геологиялык башкармасында геологиялык партиялар менен экспедициялардын башкы геологу, начальниги (1941–56), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын вице-президенти (1958–60), Геология институтунда сектор башчы (1956), институттун директору (1975–88). Илимий эмгектери Кыргызстандын көмүр жана уран-көмүр кендеринин геологиясына, алардын таралыш өзгөчөлүгүнө, пайда болуу шарттарына арналган. 60 илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография) автору. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Новый угленосный район в Киргизской ССР// Тр. Лаборатории угля АН СССР, В. 7. М., 1957; Геология месторождений угля и горючих сланцев. Т. 6. М., 1968; Узгенский каменноугольный бассейн. Ф., 1975 (соавт.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]