Кашка-Суу мөңгүсү
Көрүнүш
Кашка-Суу мөңгүсү – Иле Ала-Тоосунун Түштүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,2 км, аянты 4,2 км2. Чоң Кемин суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 4280 м, этеги 3620 м бийиктикте жатат. Азыр мөңгү тартылууда. Мөңгүдөн Кашка-Суу (Чоң Кеминдин оң куймасы) башталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9