Кашмир маселеси

Википедия дан

Кашмир маселеси - Пакистан менен Индиянын мамилесине көп жылдар бою таасир берген, БУУнун да катыштыгы бар саясий олуттуу көйгөй.

Пакистан жана Индиянын ортосунда дал ушул себептен улам согуш чыккан (1947-1965). Ал эми 3-согуш болсо 1971-жыл Бангладеш себебинен улам болгон жана Кашмирде кайрадан келишпестиктер башталган. Англиялыктардын Пакистан менен Индияга көз карандысыздыгын берерде бул эки өлкөнүн түндүгүндөгү тоолорунда Инд дарыясынын башаты чыккан түшүмдүү чоң капчыгай болгон.

4 миллиондук Кашмир калкынын 90% мусулман дининдегилер болчу. 1974-жылы башкаруучусу Хинду болгон жана Индия менен биригүүгө чечим чыгарган. Пакистан бул аймактын мусулман калктуу болгондугунан улам бул чечимге каршы болгон жана Индия менен согуша баштаган. БУУнун кийлигишүүсү менен тагдырын чечүү үчүн Кашмирде эл шайлоосу чечими кабыл алынган. Пикир келишпестиктер болуп турган маалда Пакистан Кашмирдин бир бөлүгүн алган болчу жана ал жак Азат Кашмир деп аталган. Бирок калктуу жана түшүмдүү жерлери Индияга калган. БУУнун түрдүү чечим жана чакырыктарына карабастан Индия шайлоону өткөргөн эмес. 1957-жылы Кашмирди өзүнө кошуп алган.

1963-жылы Пакистан менен Индиянын ортосундагы эки өлкөнүн түшүмдүү жери болгон Пенжабды сугарган Инд дарыясынын колдонулушу жана бөлүштүрүлүүсү тууралуу «Инд суусу жөнүндө келишим» түзүлгөн. Бирок кашмирликтердин Пакистанга кошулуу арзуусу жана аркеттери улана берди. Шайлоонун болбогондугу жана Кашмир мусулмандарын басынтуу 1965-жылы эки өлкөнүн ортосундагы согуштун кайрадан башталышына түрткү болду. Тилекке каршы, дагы эле натыйжалуу болгон жок. Бирок Кашмир маселесинин чечилбей калышы жана 1971- жылы Чыгыш Пакистандагы болгон окуялар Пакистан-Индия согушунун үчүнчү жолу тутанышына себепкер болду. Индия Россиянын колдоосу астында Чыгыш Пакистандын батыштан бөлүнүп, Бангладеш аттуу башка бир мамлекет болуп курулушуна жардам берди. Кашмир маселесинин чечилбей калышы бул эки өлкөнүн ортосунда келишпеген жана чечилбеген маселе бойдон кала берди

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9