Кашык
Кашык — тамак-аш ичүүдө колдонулуучу ашкана буюму. Көлөмүнө жараша: аш кашык, чай кашык, жасалган затына жараша: калай кашык, жыгач (сыр) кашык, күмүш кашык, алтын кашык деп аталат. Мурда кырмачылар тал, терек, арча, кайың, жаңгак жана башка жыгачтан бычак жана ийди менен кыруу аркылуу кашык жасашса, учурда жыгачтан, ар түрдүү металлдан өндүрүштө даярдалат.
Египетте кашыктар пилдин сөөгүнөн, таштан жана жыгачтан жасалган. Алар көбүнчө диний сүрөттөр менен капталган. Рим жана грек цивилизациялары гүлдөп турган мезгилде коло жана күмүш идиштер пайда болгон. Дүйнө жүзүндөгү тарыхый музейлерде сакталып турган ушул мезгилдеги коло жана күмүш кашыктардын көптөгөн үлгүлөрү сакталып калган.[1]
Эскертүүлөр[оңдоо | булагын оңдоо]
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9