Квазиоптика

Википедия дан

Квазиоптика - физиканын толкун уз. 1 - 2 мм ден кичине электр-магниттик толкундардын таралышын изилдөөчү тармагы.

Мында толкундардын таралышы негизинен геометриялык оптиканын закондоруна. баш иет, бирок дифракция кубулушу да белгилүү даражада роль ойнойт. Квазиоптикалык изилдөөлөрдүн натыйжасында көрсөтүлгөн диапазондогу электр-магниттик толкундарды пайда кылып жана таратуучу бир канча түзүлүштөр жасалды. Булардын эң жөнөкөйү ачык резонатор, ал бир бирине каршы коюлган жарыш 2 күзгүдөн турат. Күзгүлөрдөн удаалаш чагылган нурлардын энергиясы азайып калгандыктан көп учурларда иймек күзгүлөр пайдаланылат. Ачык резонаторлордун өздүк термелүүлөрү өтө аз болгондуктан толкун узундугу кыска электрмагниттик толкундар үчүн эң жакты резонанстык система, о. эле түзүлүштөрдүн бири - квазиоптикалуу линия. Ал оптикалык жана радио байланышта колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.