Квантитативдик лингвистика

Википедия дан

Квантитативдик лингвистика (латынча guantitas – сан) – тил илиминин тилдик бирдиктердин сандык көрсөткүчтөрүн иликтеген тармагы. Тилди изилдөө үчүн квантитативдик лингвистиканын саноо жана өлчөө методдору колдонулат. Этимологиялык сөздүктөрдүн тутумун, санын сөз жасоо процессин, полимиялык типтердин санын аныктоодо (лексикологиялык аспект), байыркы тилдик белгилердин, грамматикалык категориялардын колдонулуш жыштыгын билүүдө (салыштырма-тарыхый аспект), текстти атрибуциялоодо, башкача айтканда, аноним же псевдоним тексттердин авторун аныктоодо (текстологиялык аспект), ошондой эле текстте колдонулган тилдик бирдиктердин сандык табиятын мүнөздөөдө, алардын колдонулуш жыштыгын, түрдүү жанрдагы, стилдеги тексттерде тил бирдиктеринин таралуу, пайдалануу өзгөчөлүгүн тактоодо квантитативдик лингвистиканын тыянактары чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]