Кванттык оптика

Википедия дан

Кванттык оптика – статистикалык оптиканын бөлүмү; ал жарык талаасынын микро түзүлүшүн жана жарыктын кванттык табияты көрүнгөн оптикалык кубулуштарды изилдейт. Нурлануунун кванттык түзүлүшү жөнүндөгү көз карашты 1900-жылы немец физиги М. Планк киргизген. Кванттык оптика жарыктын турактуу касиетин жана жарык нерселер аркылуу таралган учурда алар менен болгон аракетин, жарык талаасынын абалын изилдейт. 1960-жылдары түрдүү физикалык объектилерде лазерлер пайда болгон. Лазерге чейинки жарык булактары чуулуу генераторго окшош болгондуктан, жарыктын турактуу касиетин изилдөөгө мүмкүн эмес эле. Ал эми заттар же нерселер аркылуу таралганда, алардын бөлүкчөлөрү кошумча фотондорду пайда кылат, фотондор жарык талаасынын физикалык чоңдугун өзгөртөт, жарык ошондой эле кабылдагыч эсептегичтер үзгүлтүктүү түрдө жана кокусунан кабылдагыч процесстерге ээ. Кванттык оптиканын негизги маселелерин аныктоо үчүн талаанын кванттык теориясы колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]