Кванттык саат

Википедия дан

Кванттык саат, атом сааты – убакытты эсептөөчү түзүлүш; анда жыштыгы кванттык стандарт менен башкарылуучу кварц генератору бар. Мында маятниктин милдетин атом аткарат. Анын жүрүшүн атомдордун бир энергиялык абалдан экинчи абалга өтүүдөгү нурлануу жыштыгы жөнгө салат. Бул жыштык өтө турактуу (каталыгы 10–11–10–13) болгондуктан, кванттык саат убакытты астрономиялык ыкмадан да так өлчөөгө мүмкүндүк берет. Кванттык саат жыштыктын кванттык стандарттардын жардамы менен текшерилет. Биринчи кванттык саат 1955-жылы АКШда жасалган. Азыркы кванттык саатта кээде цезийлүү репер колдонулат. Кийинки мезгилде рубидийлүү кванттык саат кеңири тараган. Ал кварц саатына салыштырганда өтө так болгондуктан, радионавигация системаларында, астрономиялык обсерваторияларда, илимий изилдөөлөрдө, текшерүү, ченөө лабораторияларында жана башкаларда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]